Сатуучуну бычак менен коркутуп... Бишкектеги дүкөндөн тартылган видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармаган адам. Архив
Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте бир топ каракчылык иштерин жасаганы боюнча көрсөтмө бере баштады.

БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Борбор калаада бир топ каракчылык жасоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден кабарлашты.

Милиция белгисиз киши дүкөндүн сатуучусун бычак менен коркуткан видеосун социалдык тармакка жүктөдү.

Билдирүүгө ылайык, окуя 6-май күнү саат 21:00дө болгон. Эркек киши сатуучуга кысым көрсөтүп, кассадан акча алууга аракет кылган. Бирок оюн ишке ашырбай, белгисиз тарапка басып кеткен.

Бишкекте эки киши супермаркетти тоноп кетти. Учурдун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эки киши супермаркетти тоноп кетти. Учурдун видеосу
Аталган факты КРдин Жазыктар кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Натыйжада милиция 32 жаштагы шектүүнү колго түшүрдү. ШИИБдин версиясы боюнча, ал соода күркөлөрүн жана дүкөндөрдү тоноого дасыккан. Кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ШИИБдин маалыматына ылайык, шектүү Бишкекте бир топ каракчылык иштерин жасаганы боюнча көрсөтмө бере баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0