Финпол өлкөгө бажы салыгын төлөбөй киргизилген унааны тапты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча бөлүмү Кыргызстандын (Бажы биримдигинин) аймагына мыйзамсыз автоунаа алып келүү фактысын ачыктады. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

"7-май күнү Өзгөн шаарынан Вольво ФН12420 унаасы кармалган. Текшере келгенде бул унааны өлкө аймагына киргизгенде бажы салыгы төлөнбөгөнү аныкталды. Жыйынтыгында мамлекетке 1 миллион сом чыгым келтирилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0