Террордук иштерге катышкан деген кыргызстандык жаран кармалды. Сүрөт

Жазылуу
Ал кишинин сирия-ирак куралдуу согуш аймагында диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп, теракт жасоо үчүн КМШ өлкөлөрүнүн бирине өтүп кеткендиги айтылды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Чет элдик өнөктөш кызматтар менен биргеликте террордук иштерге катыштыгы бар үчүн шектелип, издөөдө жүргөн кыргызстандык киши кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба ГКНБ Чет элдик өнөктөш кызматтар менен биргеликте террордук иштерге катыштыгы бар үчүн шектелип, издөөдө жүргөн кыргызстандык киши кармалды
Террордук иштерге катышкан деген кыргызстандык жаран кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Чет элдик өнөктөш кызматтар менен биргеликте террордук иштерге катыштыгы бар үчүн шектелип, издөөдө жүргөн кыргызстандык киши кармалды

Ал киши эл аралык террордук уюмдардын катарына рекруттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу жана аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында кармалгандыгы кабарланды.

"А.Н. сирия-ирак куралдуу согуш аймагында диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп, эл аралык террордук уюмдардын башчысынын тапшырмасы менен терактыларды аткаруу максатында даярдалган жасалма документтер менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине чыгып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Аталган комитеттен бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталганын жана сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0