Ош шаарында өзү кыйган терек басып калган киши каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековВырубка деревьев на улице Токтоналиева в Бишкеке
Вырубка деревьев на улице Токтоналиева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум окуя болгон жерде көз жумган.

ОШ, 6-май — Sputnik. Ош шаарында үйүнүн бакчасында өсүп турган теректи кыйып жаткан киши бактын алдында калып каза тапты. Маалыматты Ош шаардык милициясынан тастыкташты.

Дерево упало на такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте бак кулап, таксисттин автоунаасын басып калды. Сүрөт
Ага ылайык, окуя 3-май күнү саат 20:00дөр чамасында калаанын Амир-Темир кичирайонунун 114-көчөсүндө болгон. Бак басып калган киши 35 жашта экендиги белгилүү болду.

Кырсык катталган учурда жабырлануучуну Ош облустук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө жеткиришкен. Бирок маркум алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгону аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0