Шадиевдей болуп кетип баратканда кармалган. Чек арадагы окуя

Жазылуу
Жекшемби күнү чек арачылар кармаган бир нече адамды чекисттерге өткөрүп беришти.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан кечүү аркылуу өтүп бара жаткан эки адам, алардын артынан жөнөгөн дагы бир киши кармалды. Бул туурасында Чек ара кызматынан кабарлашты.

Жекшемби күнү, 5-майда, чек арачыларга Аламүдүн районундагы Васильевка айылынын жанынан Чүй дарыясын кечип өтүүгө аракет кылгандар байкалды деген кабар келип түшкөн.

"Чек арачылар ал жерге келип, Казакстанга Чүй суусу аркылуу өтүүгө аракеттенген кыргызстандык кишини кармаган. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы ошол эле күнү 41 жана 34 жаштагы эки адам да Чүй аркылуу Кыргызстандан Казакстандын аймагына өткөнүн жана кармалганын айтышты.

"Андан сырткары, аларды автоунаада күтүп отурган 26 жаштагы кыргызстандык да кармалды. Текшере келгенде экөөнүн миграциялык картасынын мөөнөтү өтүп кеткендиктен, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандыктарын айтып беришкен" , — деп кабарланган.

Тиешелүү кагаздар толтурулгандан кийин кармалгандар чекисттерге өткөрүп берилген.

Шадиевди ким качырган? Жогорку Кеңештеги талаштын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Шадиевди ким качырган? Жогорку Кеңештеги талаштын видеосу
Белгилей кетсек, мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев 2018-жылдын 6-апрелинде кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Буга Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров алып алды делген 2 миллион сомго байланыштуу козголгон кылмыш иши себеп болгон. Аталган сумманы алууга шарт түзгөн катка Аскарбек Шадиев кол койгон.

Учурда Шадиев издөөдө. Жогорку Кеңештин мурдагы депутатына Кылмыш жаза кодексинин "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу", "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "Криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча үч иш козголгон. УКМК ал Кыргызстандын чек арасынан сууну кечип өтүп, Нью-Йоркко учуп кеткенин билдирген.

Ага сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылып, 2 миллиард сомго бааланган мүлкү конфискациялансын деген өкүм чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0