Абада күйгөн учак. Шереметьеводогу кырсык тууралуу азыр эмне белгилүү

© REUTERS / STRINGERСамолет Sukhoi Superjet 100 горит после аварийной посадки в аэропорту Шереметьево под Москвой. 5 мая 2019 года
Самолет Sukhoi Superjet 100 горит после аварийной посадки в аэропорту Шереметьево под Москвой. 5 мая 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учакка чагылган тийип өрт чыкканы божомолдонууда.

БИШКЕК, 5-май. – Sputnik. 5-майда Москва – Мурманск каттамы менен багыт алган Sukhoi Supjet 100 учагынын бортунан өрт чыгып, самолет Шереметьево аэропортуна конууга аргасыз болду.

Аталган үлгүдөгү учак “Аэрофлот” компаниясына тийиштүү. Муну компаниядан дагы тастыкташканын РИА Новости жазды.

Интернет айдыңына өрттөнгөн боюнча жерге конгон учактын видеолору тарады.

Куткаруу кызматтарына өрт тууралуу маалымат Москва убактысы боюнча саат 18:30да түшкөн (Бишкек убактысы 21:30). Ал эми саат 18:48де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Алгач өрт электр жабдууларынан кеткен мүчүлүштүктөн улам чыккан деген божомол айтылса, кийин синоптиктер учакка чагылган тийген деген версияны жарыялашты.

РИА Новостинин жазганына караганда, бортто 73 жүргүнчү, жана беш экипаж мүчөсү болгон. Алардын төртөө жабыркап, бирөөсү каза тапканы айтылды.

Конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалындаган өрт, уюлгуган кара түтүн. Учактын Шереметьевого конгон видеосу
Аталган факты боюнча Россиянын Тергөө комитети Кылмыш жаза кодексинин 263-беренеси ("Коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ал эми өлкөнүн премьер-министри Дмитрий Медведев кырсыкты иликтеген өзүнчө мамлекеттик комиссия түзүүнү жана жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүүнү буйрук этти.

Учурда Шереметьево аэропортунун ишине чектөө киргизилип, учактар башка аэропортторго жөнөтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0