Досун тирүүлөй өрттөп, сууга ыргытып жиберген. Апрелдеги соттук чечимдер

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүКүйүп жаткан адам. Архив
Күйүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фемида өкүлдөрү үчүн өткөн ай оор болду. Соттор адам өмүрүн алган окуяларды карап чыгып, бир катар чечимдерди кабыл алды.

Ал иштердин арасында чоң энесин сабаган неберенин, аялын мыкаачылык менен өлтүргөн күйөөнүн жана көчөдө бычакташкан жаштардын былыктары бар.

Окшошкон мыкаачылар. Жаратылыш койнунда арак ичип отурган төрт дос катуу майрамдап, Андрей таанышы Викторго "аялың сойку, ар ким менен жата берет"деп айтып, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Андан соң Андрей Викторго май чачып өрт коюп жиберген. Денеси күйгөн жабырлануучу аны эптеп өчүргөн, бирок шериги кайра бензин чачып ширенке чагып, калган бөтөлкөлөштөрү менен бычактап, окуя болгон жерден кетип калышкан. Эртеси үчөө баягы жерге кайра келип, Виктордун тирүү экенин көрүшкөн. Кылмышкерлер аны унаанын багажнигине салып барып сууга ыргытып жиберишкен. Кийин алардын бири маркум түшүнө кирип жаткандыгын айтып, милицияга келген. Көрсө, мыкаачы достор буга чейин дагы ушундай жол менен башка кишинин да өмүрүн кыюуга аракет кылган экен. Сот Андрейди 20, эки шеригин 13 жана 15 жылдан эркинен ажыратты.

Бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто мас иниси бычактады деген киши каза болду
Аман калган кемпир. Тамак жасабай койгону үчүн карылыгы жеткен чоң энесин чачтан сүйрөп сабаган 44 жаштагы небере сөрөй 140 миң сом төлөмөр болуп, 7,5 жыл өмүрүн темир тор артында өткөрөт. Эптеп басып жүргөн кемпирдин таяктан жамбашы сынып кеткен.

Каргашалуу мушташ. Үйдө маңдай-тескей отурган кайната менен келин уруша кетип, мас болгон эркек аны бөтөлкө менен башка чаап жиберген. Канжалаган аял ызаланып, кайнатасын бир нече жолу бычак менен урган. Бул маалда келиндин жолдошу кичинекей балдары менен көчөдө жүргөнү айтылат. Алган жаракатынан улам кайната көз жумган. Эми келин 7,5 жыл түрмөдө болот.

Канга боёлгон үй. Кылмыш болгон күнү кожойке курбусу менен үйдө арак ичип отурган. Бир маалда эки аял уруша кетет. Үйгө келип калган бүлө ээси мас болгон конокту кетирип, келинчеги менен калган. Жубайлар ортосунда чыр уланып, ачууга алдырган эркек бөлмө канга боёлуп калганга чейин жубайын сабаган. Каргаша болгондон бир нече саат өтпөй үйгө жубайлардын кызы келип, бөлмөдө ыйлап отурган атасын көрөт. Адистер кылмышты соттолуучу өзүн башкара албай калгандыктан жасагандыгын айтышкан. Сот аны эки жылга жатак абагына кести.

Бишкекте эки киши супермаркетти тоноп кетти. Учурдун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эки киши супермаркетти тоноп кетти. Учурдун видеосу
Көчөдө бычакталган балдар. Каргашалуу окуя борбор калаадагы кичирайондордун биринде болгон. Компьютердик клубда интернет оюндун кызыгына баткан жаштар алгач ошол жерде уруша кетип, андан соң көчөгө чыгып мушташкан. Анда мас болгон 20, 21 жана 23 жаштагы үч жигит өздөрү менен тең чамалаш эки баланы катуу сабап, бычактап, андан соң окуя болгон жерден из жашырышкан. Жыйынтыгында жабырлануучулардын бирөөсү ооруканада алган жаракатынан улам көз жумса, экинчиси аман калган. Териштирүү маалында шектүүлөр кылганын жарым-жартылай мойнуна алган. Сот алардын бирин 14 жылга, калган экөөнү шарттуу түрдө үч жылдан эркинен ажыратып, кылмышкерлерди каза болгон жарандын жакындарына 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Уулумду кечирдим, аны камабагыла... 35 жаштагы эргул үйгө мас болуп келип, өз апасына кол көтөрүп, таянып жүргөн таягы менен сабаган. Аял алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон. Териштирүү маалында соттолуучу келинчеги менен арактын айынан урушуп, энесине кантип кол салганын билбей калгандыгын айткан. "Көчөдөн арак ичип келип, үйдө аялыман аракка акча сурап экөөбүз урушуп жатканда апам келип таягы менен уруп ажыраткан. Ошондо аны өзүнүн таягы менен бир-эки жолу согуп жибергем, мас болгондуктан каякка чапканымды билбей калдым", — деп көрсөтмө берген. Ошондой эле маркум акыркы сөзүндө "уулумду кечирдим, аны камабагыла" деп айтканын кошумчалап, жеңил жаза берүүнү суранган. Бирок соттук-медициналык экспертиза кемпирдин бети-башы, колу көгала болуп, алты кабыргасы сынып кеткендигин аныктаган. Фемида өкүлү соттолуучуну сегиз жыл алты айга темир тор артында калтырды.

Чоң муштум күйөө. Ошто Өрт өчүрүү кызматында иштеген 40 жаштагы жаран келинчегин сабап, күн көрсөтпөй келген. Бир нече жылдан бери чоң муштум жолдошунан таяк жеген келин туугандарыныкына жана төркүнүнө качып барып аман калып турган. Эки кичинекей кызы бар аял күйөөсүнүн мындай мамилесине чыдабай өмүрүнө кол салып, төрт күндөн кийин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Сотто маркумдун жолдошу "аялым үйгө отургусу келбей шаарда жашайлы, Россияга иштеп кетели, ата-энең менен жашагым келбей жатат деп кыйначу" деп айткан. Мындан сырткары, экөө урушканын, бирок келинчегине кол көтөрбөгөндүгүн билдирген. Сот шектүүнү эркиндикте калтырды.

Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Токмокто кишини бычактаган адам 8 айдан кийин милицияга өзү келди
100 сомго бааланган өмүр. Маркум Чүйдөгү шаарлардын биринде 100 сомго такси айдатып барып, көздөгөн жерине жеткенде бычак колдонуп айдоочуга кол салган. Бирок анын арам ою ишке ашпай, өз бычагынын курмандыгына айланган. Анда жаш жигиттер алышып жабырлануучу болуп кала жаздаган таксист жүргүнчүнү бычак менен бир нече жолу сайып өлтүргөн. Соттук-химиялык экспертиза бычакталган жарандын канында баңгизат бар экендигин аныктаган. Фемида өкүлдөрү шектүүнү үч жылга жатак абагына кести.

Зөөкүр күйөө. 45 жаштагы соттолуучу мас абалында бир нече ай мурун үйлөнгөн жаш аялын үйдө сабап өлтүргөн. Анын сөөгүн эки күндөн кийин кайненеси таап алган. Тергөө маалында шектүү жасаганын мойнуна алып, эми ал зөөкүр 15 жыл өмүрүн темир тор артында өткөрмөй болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0