Текебаевдин иши кайра каралышы ыктымал. Жогорку соттун түшүндүрмөсү

© Sputnik / Расул УсеналиевСудебный процесс по делу лидера партии "Ата Мекен" Омурбека Текебаева и экс-посла КР Дуйшенкула Чотонова
Судебный процесс по делу лидера партии Ата Мекен Омурбека Текебаева и экс-посла КР Дуйшенкула Чотонова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку сот бүгүнкү отурумунда ишти жаңы кодекстер менен караганын түшүндүрдү. Ал эми далилдер базасындагы өзгөртүүлөр боюнча ишти кароо башка маселе.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Жогорку соттун коллегиясы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча жаңы жагдайларды караганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сот отуруму 3-майда өттү. Сот ишти жаңы жагдайлар боюнча карады (жыл башында күчүнө кирген жаңы кодекстер). Ал эми кайтадан ачылган жаңы жагдайлар боюнча (далил базасындагы өзгөрүүлөр) ишти Башкы прокуратура чечет.

Жогорку соттун маалымат кызматы "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов парламенттин жыйынында башкы прокурор катышып жатканда Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо маселесин көтөргөнүн билдирди.

"Азыр сөз жаңы жагдайлар тууралуу гана болуп жатат. Башкача айтканда, иш жаңы мыйзамдар менен каралды. Анткени Текебаев менен Чотонов 1997-жылы кабыл алынган кодекстер менен соттолгон. Ал эми 2019-жылдан тарта жаңы мыйзамдар күчүнө кирген. Бүгүнкү жыйында мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү белгиленген жазалары алынып салынды. Айыптоонун калган бөлүгү өзгөртүлгөн жок", — деп Жогорку соттон түшүндүрүп беришти.

Текебаевдин иши

Залдагылар ыйлап... Жогорку соттун Текебаев менен Чотоновго өкүм чыгарган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Залдагылар ыйлап... Жогорку соттун Текебаев менен Чотоновго өкүм чыгарган видеосу
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, аны бербесеңер "силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0