430 доллар тонолгон. Бишкек милиционерлери карактоого шектелип кармалды

Жазылуу
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРдин Жазыктар кодексинин 201-беренесине ("Карактоо") ылайык кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн Кайгуул-посттук кызматынын үч милиционери карактоого шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

ЖКККББнын кызматтык унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эреже бузганы үчүн жалбарып кечирим сураган автоинспектор. ЖКККББ эмне дейт
29-апрель күнү Сокулук милициясына киши кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз жазган жарандын айтымында, бейтааныш кишилер 28-апрель күнү саат 21.00дө Новопавловка айылында досу экөөнүн 430 доллар акчасын тартып алышкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРдин Жазыктар кодексинин 201-беренесине ("Карактоо") ылайык кылмыш иши козголгон.

Кийин белгилүү болгондой, шектүүлөрдүн бири окуя учурунда милиция формасын кийип турган.

1-май күнү шектүү катары милициянын үч кызматкери кармалды. Алар: 23 жаштагы Ж.А., 25 жаштагы Л.Т. жана 26 жаштагы Ж.Н.

Үчөө тең Сокулук РИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0