12:12 25 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Бычак. Архив

Үчөөлөп эки уланды бычактап, көчөгө таштап кетишкен. Соттук өкүм

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
196 0 0

Фемида өкүлдөрү алардын бирөөсүн 14 жылга, калган экөөсүн үч жылдан шарттуу эркинен ажыратты.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Борбор калаада эки баланы бычактаган уландар үч жылдан 14 жылга чейин эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында кабарланды.

Каргашалуу окуя 2017-жылдын октябрь айында борбор калаадагы кичирайондордун биринде болгон. Компьютердик клубда интернет оюнунун кызыгына кирип кеткен жаштар алгач коомдук жайда уруша кетип, андан соң көчөгө чыгып мушташкан. Анда мас болгон 20, 21 жана 23 жаштагы үч жаран өздөрү менен тең чамалаш эки жигитти катуу сабап, бычактап салган. Андан соң окуя болгон жерден из жашырышкан.

Жыйынтыгында жабырлануучулардын бирөөсү ооруканада алган жаракатынан улам көз жумса, экинчисинин ичер суусу бар экен, аман калган. Териштирүү маалында шектүүлөр кылганын жарым-жартылай мойнуна алган. Сот алардын бирөөсүн 14 жылга, калган экөөсүн шарттуу түрдө үч жылдан эркинен ажыраткан.

Андан сырткары, сот кылмышкерлерди каза болгон жарандын жакындарына 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Белгилер:
өкүм, соттук чечим, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ