Ошто мас иниси бычактады деген киши каза болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак. Архив
Бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү киши мас болгондуктан эч нерсени эстей албай жатканын айтууда.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Ошто бир тууганы бычактады деген 45 жаштагы киши үйүндө каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Ага ылайык, милицияга кишинин өлүмү боюнча билдирүү дарыгерлерден келген.

"Маркум өзүнүн 35 жаштагы иниси менен арак ичип отуруп бычак жеп, 28-апрелде ооруканага кайрылган. Тийиштүү жардам берилгенден кийин үйүнө кайткан. Аталган факты Жоруктар жана кылмыштар боюнча бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбашчылык") менен кылмыш иши козголгон", — дешти милициядан.

Ал эми маркумдун шектелип жаткан иниси аябай мас болгондуктан эмне болгону эсинде жок экенин айтууда.

Бычак жеген 45 жаштагы тургун 30-апрелде өзүн жаман сезип, андан кийин каза болуп калган. Учурда укук коргоо органдары тийиштүү экспертизаларды дайындап, маркум эмнеден каза болгонун тактап жатат. Анын жыйынтыгы менен кылмыш иши башка беренеге алмаштырылышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0