ИИМ: Руслан Абасовдун жубайына министр калп айткан эмес, шектүү бар

© Фото / из личного архива Айчурок АлисопиевойЧемпион мира по кикбоксингу Руслан Абасов
Чемпион мира по кикбоксингу Руслан Абасов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ 2014-жылы унаасы жарылып каза тапкан спортчу Руслан Абасовдун жубайы Айчүрөк Алисопиеванын редакцияга берген маегиндеги Кашкар Жунушалиев тууралуу "адашып сүйлөгөн" деп айткандыгы боюнча жооп кайтарды.

Эске сала кетсек, бир ай мурда Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги белгилүү кикбоксчу Руслан Абасовдун каза болгонуна беш жыл толгонуна байланыштуу эскерүү материалын даярдаган. Анда Абасовдун жубайы Айчүрөк Алисопиева ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев 2016-жылы жолдошунун өлүмүнө шектүүлөр бар экендигин айтып, бирок бул маалымат кийин туура эмес болуп чыкканын айтып берген болчу.

"Руслан өлгөн убакта ИИМде эле "жашап" калгам. Ортодо министрлер да алмашты. Бардыгы менен байланышта болуп турчумун. Бирок Кашкар Жунушалиев келгенден бери министрликке кире элекмин. Мен ал кишиден түңүлгөн жайым бар. 2016-жылы маалымат жыйын куруп жатканда Русландын өлүмүнө буйрутма берген шектүү адамдар бар деп айткан. Мен эртеси Жунушалиевге жолугайын деп барсам, орун басары Мирлан Каниметов кабыл алып, "ал (министр — ред.) адашып, туура эмес сүйлөп алыптыр, кылмышка шектүүлөр жок" деди. Кантип бакыйган адам (министр — ред.) ушинтип айтканын төгүндөп коет? Ошондон кийин эшигин аттаган жокмун", — деген спортчунун жубайы.

Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маркум Камиланын иши боюнча Салянов алып келинбей калабы? Экстрадиция тууралуу
Макала чыккандан кийин редакция ИИМ башчысы Жунушалиевге бул боюнча кат жиберип, министрдин өзүнө кайрылып, эмне үчүн орун басары аны "адашып сүйлөп алган" дегендигин сурап, Абасовдун тергөө иши кандай жүрүп жатканына кызыккан.

Каттын жообу адатта эки жумада келсе, бул ирет бир ай убакка чукулдап жөнөтүлдү. Узатылган суроолорго министр Кашкар Жунушалиев өзү эмес, маалымат катчысы Бакыт Сеитов жооп бериптир.

Сеитовдун айтымында, министр маалымат жыйында "адашып сүйлөп" алган эмес. Кылмышка шектүү бар, учурда ал изделүүдө.

"ИИМ министри 2016-жылы маалымат жыйында Абасовдун өлүмүнө шектүүлөр бар экендигин айткандыгын баса белгилейм. Кылмышка шектүү толук аныкталып, ага эл аралык издөө жарыяланган. Учурда издөө, иликтөө иштери жүрүп жатат, иш токтоп калган жок. Тергөөнүн өз сыры, купуялуулугу болгондуктан иш-аракеттер тууралуу кенен айта албайбыз", — деди Сеитов.

Ушул жерде Жунушалиевдин орун басары Мирлан Каниметов эмне себептен Руслан Абасовдун аялына "министр адашып сүйлөп алды" деп айтканы ачык бойдон калууда.

Сеитов кошумчалагандай, Жунушалиев министр болуп келгенден бери оор жана резонанс жараткан, ачылбай калган кылмыштарды кайрадан көзөмөлгө алып, тиешелүү кызматтарга тапшырма берип, ага дайыма көз салып келет.

Кикбоксчунун өлүмүнө шектелген Ю.Р.

Sputnik ошондой эле ИИМге кикбоксчунун каза болушу боюнча жалпы суроолорду узаткан. Берилген маалыматтарга ылайык, Абасовдун кылмыш ишин ачуу боюнча ондогон шектүү жаран суракка алынган.

Медет Садыркулов каза болгон унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы унаа жардыруулар жана чуулуу жол кырсыктары
ИИМдин жообунда, учурда конкреттүү түрдө 1978-жылы туулган Ю.Р. аттуу жаран изделип жатканы айтылат. Ал мындан тогуз жыл мурда, тагыраагы, 2010-жылы Руслан Абасовду өлтүрүүгө аракет кылып кол салган. 2011-жылы Кылмыш жаза кодексинин 28 (кол салуу) жана 97-беренелери (адам өлтүрүү) менен иш козголуп, Интерпол аркылуу издөө дагы жарыяланган. 2014-жылы Руслан Абасовдун унаасын жардырганга дагы дал ушул Ю.Р. шектүүлөрдүн бири катары бүгүнкү күнгө чейин изделип жатканы белгилүү болду.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Ю.Р. Россиянын Краснодар облусунда качып жүрөт деген маалымат түшкөн. Мындан улам кылмышка шектүүнүн жакын туугандарынын уюлдук телефондору такталып, ыкчам-техникалык иштер жүргүзүлгөн. ИИМдин маалымат борборунан Р.Ю. аттуу кишиге таандык дактокартасы (манжа издери — ред.) электрондук түрдө алынып, Россия менен Казакстандын ИИМдеринин маалымат борборунан кармалган жана соттолгон адамдардын арасынан текшерүүгө жөнөтүлгөн. Учурда шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо иш-аракеттери уланып жатканы белгиленет.

Мындан сырткары, соттук өрт-техникалык экспертизанын негизинде Абасовдун унаасы алыстан башкарган пульттун жардамы менен жардырылганы аныкталган. Жардыргыч заттар колго даярдалып, ичине октун дарысы жана башка заттар кошулуп, "Варта" батарейкасы бекитилген. Окуя болгон жерди тейлеген базалык станциялар боюнча маалымат алуу үчүн мобилдик операторлорго токтом жиберилгени айтылат.

Ошондой эле ИИМ Руслан Абасовдун кылмыштуу топтор менен байланышы болбогонун жана криминалдык иштерге аралашпаганын тастыктады.

Беш жылдан бери өлүмү ачылбаган Руслан Абасов

Экс-глава президентской администрации Медет Садыркулов - Sputnik Кыргызстан
Душманга каалабаган өлүм, ишке ашпай калган план. Медет Садыркулов жөнүндө 6 факты
Окуя 2014-жылы 27-март күнү кечке жуук Токмок шаарындагы кичирайондордун биринде болгон. Абасов айдап бара жаткан Toyota Land Cruiser унаасы жарылып, спортчу алган жаракатынан улам ооруканада эсине келбей үзүлгөн. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголгон. Бүгүнкү күнгө чейин спортчунун өлүмүнө кириптер делген адамдар табылбай келет. ИИМ болсо иликтөө иштери жүрүп жатканын гана байма-бай эскертип турат.

"Гермес" лакап атына ээ болгон кикбоксчу үч ирет дүйнө чемпионатын (1999, 2003, 2005-жылдары), үч жолу Европа чемпионатын (1998, 2000, 2005-жылдары) уткан. "Барс" версиясы боюнча КМШ, Евразия, Европа жана дүйнөнүн чемпиондук курларынын ээси болгон. 2009-жылы Москвада өткөн профессионалдар арасында дүйнө чемпионатын уткандан кийин спорттук карьерасын жыйынтыктап, ишкерлик менен алектене баштаган. Учурда жесири Айчүрөк Алисопиева үч баланы жалгыз тарбиялап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0