"Ала-Арча" резиденциясында чыккан өрттүн себеби айтылды

© Sputnik / Эркин СадыковПожар на территории резиденции "Ала-Арча"
Пожар на территории резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерде эки өрт өчүрүүчү бөлүм, авариялык кызматтын бир унаасы иштеди.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Ала-Арча" резиденциясындагы өрт электр ширетүү иштериндеги коопсуздук эрежелердин бузулушунан улам келип чыккан. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Эскерте кетсек, резиденция кечээ, 28-апрель күнү, күйгөн. Кырсык тууралуу билдирүү 14.55те түшкөн. Окуя болгон жерде эки өрт өчүрүүчү бөлүм, авариялык кызматтын бир унаасы иштеди.

"Ала-Арча" резиденциясынын аймагында болжол менен аянты 700 чарчы метр темир менен жабылган имараттын чатыры күйгөн. Эски имаратта курулуш иштери жүрүп жаткан болчу. Алдын ала маалымат боюнча кырсыкка электр ширетүү иштериндеги өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин бузулушу себепкер", — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучулар болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0