Токмокто кишини бычактаган адам 8 айдан кийин милицияга өзү келди

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Токмокто издөөдө жүргөн киши милицияга өзү келди. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматынын кабарлашты.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мекенинде теракт жасоо үчүн Сириядан келген кыргызстандык кармалды
31 жаштагы Т.Ж. милицияга 25-апрелде саат 18:30да келген. Ал Кылмыш жаза кодексинин "Адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен айыпталып, издөөдө жүргөн.

2018-жылдын 26-августунда белгисиз адам 36 жаштагы кишиге бычак сайган. Милиция Т.Ж. аттуу шектүүгө издөө жарыялап, сыртынан камакка алуу чечими чыгарылган.

Т.Ж. милицияга келгенден кийин Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки териштирүү иштери аткарылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0