12:11 25 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Жол кырсык. Архивдик сүрөт

Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм коюп кеткен эки аял каза болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (116)
3262 0 0

Көз жумган аялдардын бири 50, экинчиси 35 жаштын тегерегинде экендиги айтылды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Борбор калаада автоунаа сүзүп кеткен эки аял каза болуп калды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга шаардык милиция билдирди.

Чүйдүн Ленин айылында 72 жаштагы карыяны унаа коюп кетип каза болду
© Фото / пресс-служба Чуйской области УОБДД
Маалыматта айдоочунун 16 жашта экени, автокырсык 24-апрелде Месарош көчөсүндө түш ченде болгондугу айтылды.

Honda Fit аталган көчө менен кетип бара жатып, эки аялды сүзүп, андан соң аласалып кеткен. Алардын улуураагы ошол жерден жан берсе, экинчиси ооруканада көз жумган.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, автокөлүк унаа токтотуучу атайын жайга жеткирилген. Ал эми айдоочу ооруканага жаткырылган.

Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (116)

Тема боюнча

Бишкектин жанында автоунаа бакты сүзүп, 29 жаштагы жигит каза тапты
Белгилер:
өлүм, аял, кырсык, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ