Гинекологдордун соту: ымыркайды Россия жаранына 2800 долларга сатышкан

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүРоддом №1 в Мурманске
Роддом №1 в Мурманске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык аял баланы сатып алгандан кийин Россияга алып кетүүгө аракет кылып жүргөн маалда кармалган.

БИШКЕК, 24-апр. – Sputnik. Бишкек шаардык №4 төрөт үйүнүн перинаталдык борборунун кызматкери 2800 долларга жаңы төрөлгөн ымыркайды саткан. Бул туурасында бүгүн, 24-апрелде, бала сатууга шектелип кармалган гинекологдордун сотунда күбө катары катышкан Б.С. аттуу жаран айтты.

Эскертке кетсек, 2018-жылы 7-сентябрда Бишкекте бала сатты жана мыйзамсыз аборт жасады делген шек менен бир нече гинеколог кармалган. Сегиз дарыгер сот жоопкерчилигине тартылууда. Укук коргоо органдарындагы өздүк булактын маалыматы боюнча үчөө №1 жана 18 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жана №4 төрөт үйүндө иштегендер.

Күбө көптөн бери балалуу боло албай жүрүп, №4 ооруканага келип УЗИге түшкөндө дарыгер менен байланыш түзгөн.

“Мен УЗИ тарткан дарыгерге эгер кимдир бирөө ымыркайынан баш тартса, асырап алуу ниетимди айттым. Ал менин номеримди алып калган. Андан соң Россияга иштегени кеткем. Бир күнү WhatsApp аркылуу ошол аял чалып төрөт үйүндө жарыкка келген уулдан энеси баш тартканын кабарлады. Ал менден “асырап аласыңбы?” деп сураганда макул болдум”, — деди күбө аял.

Андан соң ал Сокулук районунда жашаган апасы менен дарыгерди байланыштырып, баланы алышкан. Бул үчүн медикке 2800 доллар бергенин айтты.

Кукла. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жаңы төрөлгөн ымыркайды каналга ыргытып жиберген дарыгер. Гинекологдордун соту
“Мени төрөт үйүнө чакырышканда, 2018-жылдын май айында келдим. Ал жерден мага өзү төрөдү деген маалым катты беришти. Бул жасалма экенин да түшүндүрүшкөн”, — деди баланы сатып алган аял.

Анын айтымында, төрөт үйүнөн чыккандан кийин документтерин жөнгө салуу үчүн Россиянын элчилигине барган. Анткени ал ошол өлкөнүн жараны болчу. Кийинчерээк элчилик документтер дал келбей жатканын кабарлап, чакырган. Ошол жерден аны укук коргоо органдары кармап кеткен.

Буга чейин М.Ш. аттуу күбөлөрдүн бири сотто Э. М. аттуу чала тааныш аял башында уул баланы багып алууну сунуштап, кийин аны 3 миң долларга сатканын, ал "Орто-Сай" базарында сатуучу болуп иштей турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0