Кара-Cууда 19 жаштагы студент кыздын сөөгү өз батиринен табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКара-Суйский район Ошской области
Кара-Суйский район Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын сөөгү бүгүн, 24-апрелде, айылында жерге берилген.

ОШ, 23-апр. – Sputnik. Кара-Cуу районундагы Ишкаван айылында өзү жашаган батирден 19 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул кабарды облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев тастыктады.

Окуя кечээ, 23-апрелде, болгон. Бүгүн кыздын сөөгү өзү туулуп-өскөн Мады айыл өкмөтүндөгү Лаглан айылында жерге берилген.

“Милиция кызматкерлери ыкчам маалыматтын негизинде кыз жашаган батирге барып сөөгүн табышкан. Ал Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде 3-курста окугандыгы белгилүү болду. Маркум окуудан кийин калаадагы кафелердин биринде иштеп жүргөн”, — деди Аширбаев.

Учурда кыздын өлүмүнүн себептери милиция кызматкерлери тарабынан иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0