Баткенде суу топтолчу 21 кудуктун темир капкактары уурдалды. Шектүү кармалды

© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиКража крышек от люков у водоколонок в селе Бужум Баткена
Кража крышек от люков у водоколонок в селе Бужум Баткена - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү 41 жаштагы Баткен шаарынын тургуну экендиги белгилүү болду

ОШ, 24-апр. – Sputnik. Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында жайгашкан таза суу топтолуучу 21 кудуктун темир капкактарын уурдоого шектүү киши колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелге караган түнү болгон.

© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиБаткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында жайгашкан таза суу топтолуучу 21 кудуктун темир капкактарын уурдоого шектүү киши колго түшүрүлдү.
Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында жайгашкан таза суу топтолуучу 21 кудуктун темир капкактарын уурдоого шектүү киши колго түшүрүлдү. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында жайгашкан таза суу топтолуучу 21 кудуктун темир капкактарын уурдоого шектүү киши колго түшүрүлдү.
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиМаалыматка ылайык, окуя 15-апрелге караган түнү болгон.
Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелге караган түнү болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелге караган түнү болгон.
1/2
Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында жайгашкан таза суу топтолуучу 21 кудуктун темир капкактарын уурдоого шектүү киши колго түшүрүлдү.
2/2
Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелге караган түнү болгон.

Кылмыштын изи сууй электе Баткен шаардык милициясынын кызматкерлери тарабынан шектүү катары калаанын 41 жаштагы тургуну кармалды.

Анын жашаган үйүн тинтүүгө алган учурда кудуктун капкактары табылган.

Учурда шаардын тургуну капкактарды эмне максатта уурдагандыгы териштирилип жатат. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0