Кыргызстандык баланы кармап кетишкен. Кыргыз-тажик чек арасындагы чуу тууралуу

© Фото / пресс-служба полпредства Баткенской областиПриграничное село в Баткенской области
Приграничное село в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажик жараны баланы экскаваторунун айнегин сындырып салды деп айыптап жатат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында 22-апрель күнү кайрадан пикир келишпестиктер чыгып, учурда абал турукташты. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан бидиришти.

Маалыматка караганда, дүйшөмбү күнү саат 20.50лөр чамасында тажик жараны кыргызстандык 9 жаштагы баланы кармап кетип, Тажикстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берген.

"Тажик жараны шарттуу чек ара сызыгынын жанында Каравшин суусунун ирригациялык системасын тазалап жатканда кыргызстандык тестиер анын экскаваторунун айнегин сындырып салды деп айыптап жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Кармалганына жарым саат болгондон кийин коңшу өлкөнүн укук коргоочулары баланы кайрадан кыргыз тарапка өткөрүп берди.

Назначение и увольнение чиновников - Sputnik Кыргызстан
Этиканы бузду деп иштен алынган Искандаровдун ордуна Ботобаев дайындалды
Ага чейин эле Ак-Сай айылында нааразы болгон 50-60 кыргыз жараны чогулган.

Абалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстандан Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча өкүлү менен Тажикстандан Исфара тилкеси боюнча өкүлү жолугушту. Ошондой эле эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилиги телефон аркылуу сүйлөштү.

Баса белгиленгендей, окуя учурунда курал колдонулган жок.

Учурда аталган аймакта чогулган эл байкалбайт. Исфара — Ворух унаа жолундагы кыймыл жанданды.

Ал эми жергиликтүү бийлик органдары элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0