Бишкек ТЭЦиндеги чуу боюнча бир топ жетекчилер 2-8 жылга кесилди. Соттун өкүмү

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLМолоток судьи
Молоток судьи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот Айбек Калиев баштаган бир топ жетекчилерди күнөлүү деп таап эркинен ажыратып, мамлекетке айып пул төлөөгө милдеттендирди.  

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон төрт кылмыш иши боюнча аткаминерлерге соттун өкүмү чыкты.

Чечим төмөндөгүдөй:

— Улуттукэнергохолдингдин экс-башчысы Айбек Калиев 2,5 жылга эркинен ажыратылат жана мамлекетке 100 миң сомдук айып пул төлөйт.

— “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Узак Кадырбаев 4 жылга эркинен ажыратылат жана 150 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылат.

— Улуттукэнергохолдингдин жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков 2,5 жылга кесилет жана 100 миң сом айып пул төлөйт.

— “Электр станциялары” ишканасынын башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоев 8 жылга кесилет жана 150 миң сом төлөйт.

— Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2,5 жыл камалат жана 100 миң сом айып төлөйт.

— Бишкек ТЭЦинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу 4 жылга кесилет жана 150 миң сом айып төлөйт.

— Мурдагы техникалык инженер Нургазы Курманбеков 4 жылга эркинен ажыратылат жана 150 миң сом төлөйт.

Асылбек Жээнбеков ТЭЦтин акчасын уурдагандардын жооп беришин талап кылды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Жээнбеков ТЭЦтин акчасын уурдагандардын жооп беришин талап кылды. Видео
Мындан сырткары, тергөө абагында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана депутат Осмонбек Артыкбаев кармалып турат.

Эскерте кетсек, 2018-жылы 26-январда Бишкек ТЭЦинде авария болуп шаардыктарга жылуулук берүү токтоп калган. Мунун айынан төрт-беш күн бою эл түйшүк тарткан. Буга байланыштуу Бишкек ТЭЦинин директору Нурлан Өмүркул уулу кызматтан кеткен. Андан соң ал реконструкциялоо иштерине жабдууларды өтө кымбат баа менен сатып алышканын айтып чыккан. Жылуулук борборунун модернизациялоо үчүн Кытай тарабынан 386 миллион доллар кредит алынган болчу.

Кийинчерээк бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, 10дон ашуун жетекчи кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0