Түркия: кыргызстандык алты аялды сойкулукка мажбурлады дегендер кармалды

© AFP / Olga MALTSEVAСойкулук менен алектенген кыз. Архив
Сойкулук менен алектенген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган шектүүлөрдүн арасында казакстандык жана өзбекстандык аялдар да бар.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Анкара шаарынын адеп-ахлак боюнча башкармалыгы 11 жерге бир убакытта атайын операция жүргүзүп, чет мамлекеттен аялдарды алып келип, аларды сойкулукка мажбурлады делген 6 кишини кармаган. Бул тууралуу Son dakika сайты жазды.

Рейд по выявлению несовершеннолетних в ночное время в компьютерных клубах в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги сойкуларды калкалады делген милиционер органдарда иштеп жатат
Шектүүлөрдүн жашаган жеринен жана аларга тиешелүү автоунаалардан 17 телефон, 42 огу менен 2 тапанча, сойкулуктан түштү делген 11 миң түрк лирасы жана башка буюмдар табылган.

Полиция ошондой эле чет элдик аялдар жашап жатат деген беш жердеги үйлөргө тинтүү жүргүзүп, ал жактан өзбекстандык төрт, кыргызстандык алты жана казакстандык үч аялды колго түшүргөн. Тиешелүү иш-чаралардан кийин шектүүлөр Анкаранын сотуна өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0