Адам өлтүрүү азайып, башка кылмыштар көбөйдү. Прокуратуранын статистикасы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүХодатайство следствия об аресте водителя автобуса В. Тихонова в Басманном суде
Ходатайство следствия об аресте водителя автобуса В. Тихонова в Басманном суде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Жамшитов Башкы прокуратуранын 2018-жылы жасаган иши боюнча отчет берүүдө.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2018-жылы жалпы республика боюнча 202 адам өлтүрүү фактысы катталганын, көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 54кө же 21,1 пайызга төмөндөгөнүн айтты.

Учурда Жамшитов Башкы прокуратуранын 2018-жылы жасаган иши боюнча отчет берүүдө.

Молодожены - Sputnik Кыргызстан
Ошто 16 жаштагы кызды өз макулдугу менен ала качып кетишти. ШИИБ иш козгоду
Бул категориядагы кылмыштар Ысык-Көл облусунда 23төн 15ке же 34,7 пайызга, Бишкек шаарында 69дан 44кө (36,2 пайыз), Чүй облусунда 89дан 72ге (19,1 пайыз), Ош шаарында 20дан 12ге (40 пайызга), Жалал-Абад облусунда 20дан 19га (5 пайыз), Талас облусунда 11ден 8ге (27,2 пайыз) жана Нарын облусунда 6дан 5ке (16,6) кыскарган.

2018-жылда жалпы республика боюнча 29 706 кылмыш катталып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 000 кылмышка көп дегенди билдирет.

Катталган бардык кылмыштардын 12 620сы — Бишкек шаарына, 4 886сы — Чүй облусуна, 2 674ү — Жалал-Абад облусуна, 2 372си — Ош шаарына, 2 284ү — Ош облусуна, 2 322си — Ысык-Көлгө, 1 107си — Баткенге, 733ү — Нарынга жана 708и — Таласка туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0