Чүйдө сууга агып кеткен бала табыла элек. Кош бойлуу энесинин абалы начар

© Фото / Pexels/ freestocks.orgЖенщина в положении
Женщина в положении - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда баланын кош бойлуу энесинин абалы начарлап бир дагы оорукана албай жаткандыгы тууралуу видео тараган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Константиновка айылында дарыяга чөгүп кеткен 5 жашар баланын кош бойлуу апасынын абалы начар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине келиндин эжеси Гүлзат Сейдалиева билдирди.

Эске салсак, 11-апрель күнү бөбөк Ат-Башы дарыясына түшүп кеткен. Алгачкы күнү аны издөөгө 11 куткаруучу тартылып таппай, 15-апрелде издөө иштерине 100гө чукул куткаруучу чыккан. Бирок дагы деле табыла элек. ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, издөө иштери уланууда.

Буга чейин социалдык тармактарда баланын кош бойлуу энесинин абалы начарлап, бир дагы оорукана албай жаткандыгы боюнча видео тараган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Первый Женский Клуб KG 💎 (@molodye_mamochki_kg)

Келиндин бир тууган эжеси Гүлзат Сейдалиеванын айтымында, чынында эле сиңдисин бир эмес, эки оорукана албай койгон.

"Уулунун сууга агып кеткени тууралуу укканда апасы эс-учун жоготуп, өзүн таштап салды. Дароо Чүй облустук бириккен ооруканасына алып барганбыз. Бирок ал жактан "келин кош бойлуу" деген жүйө менен дарылашкан эмес. Убактылуу сооротуучу гана препарат жазып беришкен. Сиңдим өзү да жөн эле жата беремби деп чыккан. Бирок бир күн өтпөй эле өзүн кайра жаман сезе баштаганынан улам каттоого турган дареги боюнча №1 төрөт үйүнө алып бардык. Ал жактын дарыгерлери Чүй облустук бириккен ооруканасынын "стресс" деп жазылган көчүрмөсүн карап психоневрологиялык ооруканага Тез жардам чакыртып жөнөтүштү. Бирок алар да "биз абалы оор бейтаптарды кабыл алабыз" деп албай коюшту. Айла жок үйгө келдик. Дагы деле тамак ичпей жатат. Ичиндеги баласына сарсанаа болуп жатабыз. Дарыгерлер келип тамак ордуна куя турган дары-дармегин жазып берип, көзөмөлгө алса жакшы болот эле", — деди Турдалиева.

XXXI летние Олимпийские игры в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл: жоголгон өспүрүмдүн сөөгү дарыянын жанынан табылды
Саламаттык сактоо министрилигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова бул боюнча кабардар экенин айтып, так дарегин аныктай албай жаткандыктан тийиштүү адистерди бүгүн жөнөтүшкөнүн кабарлады.

"Эки күндөн бери так дарегин аныктай албай жатканбыз. Жашайт деп көрсөткөн Ак-Бата конушунан таппай койдук. Константиновкадагы дарегине барышса, өз үйүнө кеткен деп коюшуптур. Учурда ИИМ менен байланышып азыркы тапта жашап жаткан дарегине психолог менен дарыгерди жөнөттүк. Эгер ооруканага жатып дарылаш керек болсо, болгон аракетибизди жумшайбыз", — деди Айгерчинова.

Жаш үй-бүлөнүн туугандарынын айтымында, сууга аккан бөбөк алардын тун уулу болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0