Ошто 16 жаштагы кызды өз макулдугу менен ала качып кетишти. ШИИБ иш козгоду

Жазылуу
Кыз турмушка өз ыктыяры менен чыгып жатканына карабай укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоду.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ошто 21 жаштагы жигит 16 жаштагы кызды ала качып кеткенин шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

15-апрелде милицияга 52 жаштагы аял кайрылып, Кара-Суу районунун тургуну анын бойго жете элек кызын ала качып кеткенин айтып, чара көрүүнү суранган.

"Укук коргоо органдары ала качууга дуушар болгон кызды суракка алган. Ал бала менен көптөн бери жолугуп жүргөнүн айтты", — деди Сыдыков.

Кыздын ала качууга макул болгонуна карабай, укук коргоо органдары Кылмыш жаза кодексинин "Турмушка чыгууга мажбурлоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда кыздын айткандарынын чын-бышыгы териштирилип, керектүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0