Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүнөн чыккан өрт өчүрүлдү

© AFP / ZAKARIA ABDELKAFIПариждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүнөн чыккан өрт өчүрүлдү
Париждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүнөн чыккан өрт өчүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоо менен кармашууга 400дөн ашуун өрт өчүрүүчү тартылган. Имараттын урап калуу коркунучунан улам авиация техникасын колдонуудан баш тартылган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Париждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүнөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул турасында Figaro гезити жазды.

© REUTERS / BENOIT TESSIERПожарные во время тушения крупного пожара в здании собора Парижской Богоматери в Париже. 16 апреля 2019 года
Париждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүнөн чыккан өрт өчүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
1/3
Париждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүнөн чыккан өрт өчүрүлдү
© REUTERS / PHILIPPE WOJAZERПожарные во время тушения крупного пожара в здании собора Парижской Богоматери в Париже. 16 апреля 2019 года
Өрт өчүрүүчүлөр жалын кайра тутанып кетпеши үчүн бардык жерди текшерип, ысык конструкцияларды муздатып, дубалдарды да карап жатышат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Өрт өчүрүүчүлөр жалын кайра тутанып кетпеши үчүн бардык жерди текшерип, ысык конструкцияларды муздатып, дубалдарды да карап жатышат
© REUTERS / BENOIT TESSIERПожарные во время тушения крупного пожара в здании собора Парижской Богоматери в Париже. 16 апреля 2019 года
Тилсиз жоо менен кармашууга 400дөн ашуун өрт өчүрүүчү тартылган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Тилсиз жоо менен кармашууга 400дөн ашуун өрт өчүрүүчү тартылган.
1/3
Париждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүнөн чыккан өрт өчүрүлдү
2/3
Өрт өчүрүүчүлөр жалын кайра тутанып кетпеши үчүн бардык жерди текшерип, ысык конструкцияларды муздатып, дубалдарды да карап жатышат
3/3
Тилсиз жоо менен кармашууга 400дөн ашуун өрт өчүрүүчү тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөр жалын кайра тутанып кетпеши үчүн бардык жерди текшерип, ысык конструкцияларды муздатып, дубалдарды да карап жатышат.

Дүйнөгө атагы чыккан чиркөөдө өрт 15-апрелде саат 18.50дө (Бишкек убактысы боюнча 22.50) чыккан. Мунун кесепетинен чатыры урап түшүп, жалын тиреп турган конструкцияларды каптаган, маңдай тарабы күйүп кеткен, ал эми эки мунараны сактап калууга жетишишкени айтылат.

Момент обрушения шпиля Собора Парижской Богоматери попал на видео - Sputnik Кыргызстан
Нотр-Дам чиркөөсүнүн чатыры толугу менен урап түштү
Учурда чиркөөдө реставрация иштери жүрүп жаткандыктан имараттын жарым бөлүгү жабык болчу. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн чыгышына оңдоо иштеринин байланышы болушу ыктымал. Тегерек-четинде тактайлар көп болгону маалымдалды.

Тилсиз жоо менен кармашууга 400дөн ашуун өрт өчүрүүчү тартылган. Имараттын урап калуу коркунучунан улам авиация техникасын колдонуудан баш тартышкан.

Париж бийлигинин билдиришинче, чиркөөдөгү таберик буюмдарды сактап калууга мүмкүн болгон. Бул тарыхый чиркөөнүн курулушу 1163-жылы башталып 1250-жылы толугу менен бүткөн.

Ошондон кийин бир нече ирет оңдолуп, кеңейтилген. Чоң чиркөө акырындык менен урап түшө баштаганда аны сактап калууга Виктор Гюгонун чыгармасы себеп болгон. "Париждеги Нотр-Дам чиркөөсү" романы 1831-жылы жарыялангандан кийин реставрациялоо иштери башталып 23 жылга созулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0