Жайыл РИИБдин жетекчисинин орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
Кармоо иштери УКМК жана ИИМдин ички тергөө кызматы менен бирге ишке ашкан.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарын пара алып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Маалыматты УКМКдан да тастыкташты. Айрым маалыматтар боюнча ал 35 миң сом талап кылган.

Кармоо иштери УКМК менен ИИМдин ички тергөө кызматы менен бирге ишке ашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0