Москвада киши колдуу болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековДоставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве
Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-апрелде Москва шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан Ичка дарыясынын жайылма жеринде темир көпүрөнүн алдында 29 жаштагы жигиттин сөөгү табылган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Москвада өткөн аптада табылган кыргызстандык жарандын денеси мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Эске салсак, 11-апрелде Москва шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан Ичка дарыясынын жайылма жеринде темир көпүрөнүн алдында 29 жаштагы жигиттин сөөгү табылган. Окуя болгон жерде кан болгон үч таш, рюкзак, ботинка, документ жана 500 рубль болгон.

"Каза болгон жаран Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну экени аныкталды. Туугандары анын сөөгүн туулуп-өскөн жерине жөнөттү", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча Бабушкинский райондор аралык сотунда РФтин Кылмыш жана жаза кодексинин 111-беренесине ("Денеге өлүмгө алып келе турган залака келтирүү") ылайык кылмыш иши козголду.

Ишти элчилик өз көзөмөлүнө алганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0