Чүйдө 75 жаштагы чоң атасын бычактап өлтүрдү деп небере кызы кармалды. Сүрөт

© AFP / JOHAN ORDONEZАрест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале
Арест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда, кыз жигити менен үйдөн бир нерсени уурдап баратканда чоң атасы билип калып, каршылык көрсөткөн.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунда 75 жаштагы абышканы өлтүрдү деп шектелип 18 жаштагы небереси жана аны менен чогуу жашап жүргөн 17 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти. 

© Фото / Пресс-служба ГУВД Чуйской областиШектүүлөр
Чүйдө 75 жаштагы чоң атасын бычактап өлтүрдү деп небере кызы кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Шектүүлөр

11-апрелде Аламүдүн ИИБинин нөөмөт бөлүмүнө зомбулук менен өлтүрүлгөн эркектин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган укук коргоо органдарынын кызматкерлери Лебединовка айылындагы үйлөрдүн биринен европа тектүү эркектин сөөгүн тапкан. Кийин маркум ошол үйдүн 75 жаштагы ээси экени аныкталды. Ал бир топ жылдан бери жалгыз жашап жүргөн.

"Коңшулар менен туугандарын суракка алгандан кийин абышканын 18 жаштагы небереси менен анын 17 жаштагы жигити шектүү катары кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар үйдөн бир нерсени уурдап баратканда чоң атасы билип калып, каршылык көрсөткөн. Ошол маалда ага бир нече ирет бычак урулган", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Задержания голландской полицией протестующих в Амстердаме - Sputnik Кыргызстан
Сузакта аялдын алтындарын, 600 миң сомун карактаган шектүүлөр кармалды
Аталган факт Кылмыш жана жазыктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 130-беренесине ("Адам өлтүрүү") ылайык кылмыш иши козголду.

Учурда шектүүлөр Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0