Энесин таяк менен сабап өлтүргөн. Жалал-Абаддагы үрөй учурган окуя

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРуки мужчины сжатый в кулак. Архивное фото
Руки мужчины сжатый в кулак. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттук-медициналык экспертиза аялдын бети-башы, колу көгала болуп, алты кабыргасы сынып кеткендигин аныктаган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 66 жаштагы өз энесин сабап өлтүргөн киши сегиз жыл алты айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, окуя 2018-жылдын октябрь айында Жалал-Абад облусундагы айылдардын биринде болгон. Анда мас болуп келген 35 жаштагы киши өз апасына кол көтөрүп, таянып жүргөн таягы менен сабаган. Аял алган жаракатынан улам ооруканада көз жумган.

Териштирүү маалында соттолуучу келинчеги менен арактын айынан урушуп, энесине кантип кол салганын билбей калгандыгын айткан.

"Көчөдөн арак ичип келип, үйдө аялыман аракка акча сурап экөөбүз урушуп жатканда апам келип таягы менен уруп ажыраткан. Ошондо аны өзүнүн таягы менен бир-эки жолу согуп жибергем, мас болгондуктан каякка чапканымды билбей калдым", — деген ал көрсөтмөсүндө.

Аң казып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атасын балка менен чаап, короодогу аңга көмүп салган. Чүйдөгү чуулуу окуя
Ошондой эле ал маркум акыркы сөзүндө "уулумду кечирдим, аны камабагыла" деп айтканын кошумчалап, жеңил жаза берүүнү суранган.

Соттук-медициналык экспертиза кемпирдин бети-башы, колу көгала болуп, алты кабыргасы сынып кеткендигин аныктаган. Ал эми соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен шектүүнүн акыл-ээси соо экендиги белгилүү болгон.

Фемида өкүлү аны күнөөлүү деп таап, шектүүнү сегиз жыл алты айга темир тор артында калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0