Чет жерде өлүм жазасына тартылган кыргызстандыктар. Кылмыштын түрлөрү

© AFP / Anthony WALLACEТюрьма Стэнли в Гонконге
Тюрьма Стэнли в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар, тилекке каршы, бөтөн өлкөлөрдө да кылмышка аралашып калат. Өлүм жазасына тартылгандар же өмүр бою эркинен ажыратылгандар да жок эмес. Андай учурлар тууралуу Sputnik Кыргызстандын түрмөгүнөн окуңуздар.

Ар кандай эсеп боюнча миллионго чукул кыргызстандык чет жакта. Бул ар бир алтынчы жаран дегенди билдирет. Алар сыртта билим алышат, саякатташат, бирок иштеп жүргөндөр басымдуулук кылат.

Тилекке каршы, айрым мекендештерибиз мыйзам бузууга да барат, анүчүн жазаланат. Кай бирлерине эң катаал жаза беришет. Кээ бир өлкөлөрдө бул — өлүм жазасы, башкаларында – өмүр бою эркинен ажыратуу. Sputnik кыргызстандыктардын кайда, эмне үчүн катуу жазаланганын эстеп чыкты. Редакция бул түрмөктү мекендештерди чет жерде этият болууга үгүттөө үчүн даярдады. Карасанатай адамдар боорукерлик же акча топтоо ниетиңизди кара иштерге пайдаланып кетпесин!..

Өлүм жазасы өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылган

Өлүм жазасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө жүзү боюнча өлүм жазасына тартылгандардын саны азаюуда
2010-жылдын май айында Пекин шаарындагы аэропортто Кыргызстандын 25 жаштагы жараны Семен Соболь кармалган. Анын жүгүнөн табылган үч китептин мукалабаларында 2,5 килограмм героин катылганы аныкталган. Семен ал жүктү Бен аттуу адам жеткирүүгө көндүрүп, акысына 500 доллар бермекчи болгонун айткан. Соболго сот алгач өлүм өкүмүн чыгарган, бирок кийин жаза өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылган. Бен, тагыраагы, Түштүк Африка жараны Околи Паулинус Набуйке 2010-жылдын аягында 21 жаштагы кыргызстандык Жибек Сакееваны да баңгизат салынган сумканы Индонезияга алып өтүүгө көндүргөн. Бир килограмм героинди алып өтүү аракети үчүн ал бийкеч 10 жылга соттолгон.

Кытайда өлүм жазасына тартылган журтташ

2012-жылдын башында дагы бир кыргызстандык Кытайда өлүм жазасына тартылганы белгилүү болгон. Себеби — баңгизат жайылтуу. Бирок ал боюнча андан башка маалымат жок. Анын аты да, өкүмдүн ишке ашып-ашпаганы да эч айтылган эмес.

Буюртма киши өлтүрүү

2011-жылы тышкы иштер министри Кытайдагы буюртма киши өлтүрүүгө айыпталган үч кыргызстандык жаранга өлүм жазасы чыккандыгын билдирген. Алар Кытай жаранын мыкаачылык менен өлтүргөндүгү белгилүү болгон. Кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен өкүмдүн аткарылышын бир жарым жылга жылдырышкан. Андан бери эч кандай маалымат жок. Белгилей кетсек, Кытай 2017-жылы Кыргызстанга эки айыпкерди, ал эми былтыр дагы төрт кишини өткөрүп берүүгө убада кылган. Ошол убакта кытай абактарында Кыргызстандын 17 жараны жатканы айтылган, бирок алардын арасында жогоруда аталган кыргызстандыктардын бар-жогу белгисиз.

Баңгизат үчүн өлүм жазасы

Случаи педофилии в индийском городе Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Бала зордуктагандарды кантиш керек? Дүйнө өлкөлөрүнүн колдонгон жазасы
Үрүмчү (Кытай) калаасындагы түрмөдө 2016-жылдын 4-февралында Кыргызстандын жараны Светлана Кулбаева өлүм жазасына тартылган, ага ийне сайышкан.

2010-жылы Кулбаеванын жүгүнөн күч органдары 7,2 килограмм героин табышкан. Кулбаеванын айтымында, ал Бишкектеги жаш курьер кыз тарабынан жалданганын айткан. Нигериялык баңгизат мафиясы товар жана жүк ташуу үчүн курьерлерди колдонгон, баңгизатты дал ошол жакка катышкан. Курьерлер ал туурасында билишчү эмес, мындай адамдар жөн гана колдонулуп калган. Ошентип бул соңку жылдары Кыргызстандын жарандары өлүм жазасына тартылганы тастыкталган учур.

Наристени зордуктап, өлтүргөн

2015-жылы Казакстандын Жамбыл облусунун район аралык соту 1960-жылкы Турсунжан Избакиевди өмүр бою эркинен ажыраткан. Сот кыргызстандык кишиге төрт жаштагы эркек баланы зордуктап, өлтүргөн деген айып таккан.

Баңгизат таркаткандыгы үчүн жаза

Баңгизат ташуу үчүн Кытайда гана өмүр бою эркинен ажыратылбайт. 1977-жылкы кыргызстандык жаран Азиз Жалилов Дубайда баңгизат сактап, тараткандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. 2011-жылы чыккан бул өкүмдү андан кийинки жылы БАЭнин үчүнчү инстанциядагы соту да күчүндө калтырган.

Түбү кыргызстандык жаран АКШда өлүм жазасына тартылган

Өлүм жазасы аткарылчу бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда өлүм жазасын аткаруунун жаңы ыкмасы ойлоп табылды
Кыргызстандан чыккан бир тууган Царнаевдер 2013-жылдын 15-апрелиндеги Бостондогу (АКШ) жардырууну уюштурган деп айыпталган. Ошол күнү үч киши мерт болуп, 280ден ашуун адам ар кандай жаракат алганы маалым. Тамерлан Царнаев полиция менен атышууда ок жеп, ооруканада кансырап жан берген. Ал эми анын бир тууганы Жохар айыптуу деп табылып, сот өлүм өкүмүн чыгарган. Жаза азырынча аткарыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0