Чыңгыз "Дөө" жана анын эки шериги убактылуу кармоо жайына киргизилди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСледственный изолятор №2 Бутырская тюрьма
Следственный изолятор №2 Бутырская тюрьма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар алган жараатынан ооруканада каза тапкан эки кишини сабады деген айып менен кармалган.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Эки кишинин өлүмүнө шектелип жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов жана анын эки шериги №1 убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Биринчи Май райондук сотундагы маалымат булактар кабарлады.

Министр Кашкар Джунушалиев поощрил оперативных сотрудников, которые участвовали в задержании похитителей мальчика Браилкин Данила - Sputnik Кыргызстан
Канттагы жоголгон баланы, кылмышкерлерди тапкан милиционерлер сыйланды. Сүрөттөр
Эске салсак, 10-апрель түнү Бишкектеги медициналык мекемелердин биринин алдына белгисиз адамдар катуу сабалган эки кишини таштап кетишкен. Алардын бири 45, экинчиси 36 жаштагы жарандар болгон. Экөө тең жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Кылмышка шектүү катары кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалган. Ал эми үчүнчүсү Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыяланган болчу.

Аны тиешелүү органдар 2019-жылдын 11-апрелинде кармаган.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган бул үч шектүүгө карата сот баш коргоо чарасын өзгөрткөн. Ошентип алар 10-июнга чейин Бишкек шаарындагы №1 убактылуу кармоо жайында болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0