Сузакта аялдын алтындарын, 600 миң сомун карактаган шектүүлөр кармалды

© AP Photo / Peter DejongЗадержания голландской полицией протестующих в Амстердаме
Задержания голландской полицией протестующих в Амстердаме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелген эки жаран Бишкекте ижарага алган батирде жашырынып жүрүшкөн.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБинин криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү тоноочулукка шектелген эки кишини Бишкектен кармашты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 31-март күнү саат 18:45тер чамасында Сузак районундагы айылдардын биринде болгон.

"Медициналык беткап кийген эки киши соода кылып келе жаткан 40 жаштагы ишкер аялды тапанча менен коркутуп 600 миң сомун, 200 миң сомдук алтындарын, паспортун жана жеке буюмдарын карактап кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Бычакчан эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте чет элдик студентти карактоого шектелип 4 улан кармалды. Сүрөт
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

Криминалдык милициянын кызматкерлери шектүүлөрдүн жашынып жүргөн жерин аныктап, 11-апрелде 27 жаштагы Т.И. менен 25 жаштагы А.А. аттуу жарандарды колго түшүрдү. Кармалган эки жаран буга чейин соттолгон.

Тинтүү учурунда уурдалган алтын буюмдар табылып, Сузак РИИБинин кызматкерлерине берилген. Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тийиштиги бар-жогун аныктап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0