Чүйдө эки унаа кагышып, төрт адам жабыркады. Сүрөт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаалардын бири кагышуудан кийин трассадан чыгып кеткен.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Жайылма айылында эки унаа кагышып, бири трассадан чыгып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Кырсык бүгүн, 11-апрелде, саат 15.30дар чамасында болгон. Маалыматты аймактык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.

"Toyota Camry менен ВАЗ 2107 кагышып, төрт адам жабыркады. Каза болгондор жок", — дешти милициядан.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0