Канттагы баланы чет элдиктер уурдаганбы? Чүй милициясынын жообу

© AFP / REMY GABALDA Жолдо бараткан бала. Архив
Жолдо бараткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал ортодо социалдык тармактарда баланын табылганы боюнча маалыматтар тарап жатат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын (ОИИББ) маалымат кызматы Кантта 12 жаштагы Данил Браилкинди чет элдиктер уурдап кетти деген билдирүү боюнча түшүндүрмө берди.

Браилкиндин бүгүн эртең менен уурдалганы маалымдалып, ал учур видеого тартылып калган. Анда бейтааныш киши баланы "Яндекс таксинин" логотибине окшош машинага салып жатканын көрүүгө болот. Аталган компаниядан маалымдашкандай, алар да баланы издөөгө кол кабыш кылууда. Баланын атасы болсо уулун уурдап кеткендер байланышка чыкпаганын айтты.

Ал ортодо WhatsApp мессенджеринде бала табылганы жана аны чет элдиктер уурдап кеткени тууралуу маалыматтар тарай баштады. Бирок облустук милиция мындай кабар чындыкка коошпой турганын айтып, элди жалган маалымат таратпоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0