Токмокто сабалган киши ооруканага баруудан баш тартып каза болгон

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи смертельной драки в КР
Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала билдирүү боюнча ур-токмокко алынган киши кечинде спирт ичимдигин ичип, таңга жуук алган жараатынан көз жумган.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Токмок шаарында сабалган киши ооруканага баруудан баш тартып каза болгон. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Деятельность Республиканского ожогового центра Бишкека - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: оорукананын алдына ташталган кишилердин экинчиси да каза тапты
9-апрель күнү саат 09:00дө шаардык милицияга кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Белгилүү болгондой, 8-апрелде көчөдөн аны ошол эле райондо жашаган 47 жаштагы киши ур-токмокко алган. Жабыркаган адам үйүнө келгенде чогуу жашаган аял оорукана менен милицияга кайрылууну өтүнгөн. Бирок 32 жаштагы адам (жабырлануучу) баш тартып койгон.

"Алдын ала билдирүү боюнча ур-токмокко алынган киши кечинде спирт ичимдигин ичип, таңга жуук алган жараатынан көз жумган. Ошондой эле кармалган адам маркумду кызганычтын айынан сабаган", — деп жазылат маалымат кызматтын кабарында.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жана жаза кодексинин 138-беренеси ("Ден соолукка оор зыян келтирүү") менен каттоого алынды. Шектүү делген 47 жаштагы киши колго түшүрүлдү. Тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0