Ысык-Көл: жоголгон өспүрүмдүн сөөгү дарыянын жанынан табылды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүXXXI летние Олимпийские игры в Рио-де-Жанейро
XXXI летние Олимпийские игры в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум кечээ, 9-апрелде, үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка караганда, кечээ, 9-апрелде, саат 13.00дө Ак-Булак айылынын тургуну үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Мындан улам анын ата-энеси милицияга кайрылган.

"Ал бала бүгүн мектепке барган эмес. Аймактык тескөөчү ата-энеси менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүп, Түргөн дарыясынын жанынан сөөгүн табышкан. Жерине ыкчам тергөө тобу барып күч колдонулган, денесинине залал келтирген тактарды тапкан эмес. Алдын ала божомол боюнча суукка тоңуп каза болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0