Бишкекте Mercedes унаасы айдоочуну басып калды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРабота шиномонтажной мастерской в Великом Новгороде
Работа шиномонтажной мастерской в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон айдоочу 33 жашта болчу.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте Mercedes үлгүсүндөгү унаа айдоочуну басып калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИБден кабарлашты.

Окуя Москва жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн алдында болгон. Айдоочу унаасын домкрат менен көтөрүп, оңдош үчүн алдына кирген. Бирок жабдык тайып кеткендиктен кишини унаа басып калып, каза болгон.

Маркум 33 жашта болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0