Бишкекте троллейбус түтөп, жүргүнчүлөр түшө качышты. Видео

© Фото / Кристина КуманченкоТроллейбустун салону. Архив
Троллейбустун салону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Пишпек районуна жакын жерде саат 14:30да болду

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. №8 троллейбустун салонунан түтүн чыкканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Окуя бүгүн, 9-апрелде, саат 14:30да Кривоносов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Троллейбуста бара жатканбыз, бир маалда эле салон түтөп баштады. Жүргүнчүлөр арызданганда, айдоочу май агып жатса керек деп жолун улантты. Бирок түтүн оргуштап чыга баштады. Айдоочу транспортту токтотор замат эл сыртка чуркап чыкты", — деди күбө.

Шаардык транспорт башкармалыгы маалыматты текшерип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0