Активисттер Караколдогу пионерлер үйү өрттөлгөнүн айтышууда. Милиция эмне дейт?

© © SputnikКараколдогу мурдагы пионерлер үйүндө 6-апрелде өрт чыккан
Караколдогу мурдагы пионерлер үйүндө 6-апрелде өрт чыккан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имарат мэрияга таандык, бирок аны укук коргоо уюмунун өкүлдөрү ижарага алышкан.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Караколдогу мурдагы пионерлер үйүндө 6-апрелде өрт чыккан. Бирок укук коргоочулар бул нерсе атайылап жасалганын билдирип жатканын аймактык кабарчы маалымдады.

© © SputnikВ Караколе в бывшем Доме пионеров 6 апреля произошел пожар
Караколдогу мурдагы пионерлер үйүндө 6-апрелде өрт чыккан - Sputnik Кыргызстан
1/4
Караколдогу мурдагы пионерлер үйүндө 6-апрелде өрт чыккан
© © SputnikВ Караколе в бывшем Доме пионеров 6 апреля произошел пожар
Бирок укук коргоочулар бул нерсе атайылап жасалганын билдирип жатканын аймактык кабарчы маалымдады - Sputnik Кыргызстан
2/4
Бирок укук коргоочулар бул нерсе атайылап жасалганын билдирип жатканын аймактык кабарчы маалымдады
© © SputnikВ Караколе в бывшем Доме пионеров 6 апреля произошел пожар
Бул үйдө эки укук коргоо уюму иштеп жүргөнүн алардын өкүлү Диляра Нарова билдирди - Sputnik Кыргызстан
3/4
Бул үйдө эки укук коргоо уюму иштеп жүргөнүн алардын өкүлү Диляра Нарова билдирди
© © SputnikВ Караколе в бывшем Доме пионеров 6 апреля произошел пожар
Анын айтымында алар 2012-жылы абалы жакшы болгон эки бөлмөнү ижарага алып, оңдоп алышкан. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Анын айтымында алар 2012-жылы абалы жакшы болгон эки бөлмөнү ижарага алып, оңдоп алышкан.
1/4
Караколдогу мурдагы пионерлер үйүндө 6-апрелде өрт чыккан
2/4
Бирок укук коргоочулар бул нерсе атайылап жасалганын билдирип жатканын аймактык кабарчы маалымдады
3/4
Бул үйдө эки укук коргоо уюму иштеп жүргөнүн алардын өкүлү Диляра Нарова билдирди
4/4
Анын айтымында алар 2012-жылы абалы жакшы болгон эки бөлмөнү ижарага алып, оңдоп алышкан.

Бул үйдө эки укук коргоо уюму иштеп жүргөнүн алардын өкүлү Диляра Нарова билдирди. Анын айтымында, алар 2012-жылы абалы жакшы болгон эки бөлмөнү ижарага алып, оңдоп алышкан.

"Имарат мэрияга таандык. Социалдык камсыздоо маселеси жана жарандарга укук боюнча кеңеш берген уюмга ижара акысынын ордуна бөлмөнү оңдоп бергиле дешкен", — деди Нарова.

Ал ошондой эле мэрия имаратты түрттүрүүнү пландап жаткан болушу ыктымалдыгын, андыктан атайылап эле өрттөп жибериши мүмкүндүгүн айтты. Ал эми бул жерде иштеп жаткан уюмдун өкүлдөрү ижара боюнча келишим бар болгондуктан ал жерден чыгабыз деген планы болбогонун айтышууда.

Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы өрт чыкканын ырастап, бирок аны кимдир бирөө өрттөп жиберди деп айтууга али эрте экенин билдирди. Экспертизалар дайындалып, бул окуя облустук милициянын жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0