19:33 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Токтобой жааган жамгырдан улам Бишкектин ар кайсы жерине үч бак кулаган

Бишкекте бактын кулашынан үч унаа жабыркады. Сүрөт

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
124 0 0

Жаандан улам Бишкектин үч жеринде бак кулаган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Токтобой жааган жамгырдан улам Бишкектин ар кайсы жерине үч бак кулаганын мэриядан айтышты.

Ушу тапта калаа кызматтары жаандын кесепетин жоюу иштерин аткарып жатат.

  • Бригада МП Бишкекзеленхоз  убрало дерево, упавшего на дорогу
    Токтобой жааган жамгырдан улам Бишкектин ар кайсы жерине үч бак кулаган
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Бригада МП Бишкекзеленхоз очищает арыки
    Ушу тапта калаа кызматтары жаандын кесепетин жоюу иштерин аткарып жатат.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Токтобой жааган жамгырдан улам Бишкектин ар кайсы жерине үч бак кулаган

"Бактын кулаганы тууралуу биринчи маалымат эртең менен түштү, мында дарак Бөкөнбаев көчөсүндөгү №146 үйдүн алдында токтоп турган үч унаага түшкөн. Окуя болгон жерге "Зеленхоз" ишканасынын бригадасы чыгып, бакты араалап салды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Арал көчөсүндө арыкта өскөн абрикос багы кулаган. Тамыры чирип, салмагын көтөр албай калган дарак жанындагы үйдүн дарбазасына кулап түшкөн. 

Бригада МП Бишкекзеленхоз  убрало дерево, упавшего на дорогу
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Токтобой жааган жамгырдан улам Бишкектин ар кайсы жерине үч бак кулады

Тыныстанов көчөсүндө кулаган бакты да "Зеленхоздун" жумушчулары барып таарып салышты. Маалыматта бул дарактын да тамыры чирип кеткени айтылды.

Мындан тышкары, мэрия "Тазалыктын" 100дөй кызматкери шаар боюнча арыктарды таштандыдан тазалап, суу буруп иштеп жүрүшкөнүн кабарлады.

Тема боюнча

Бишкекте жолго дарак кулап, кыймыл үзгүлтүккө учурады. Сүрөт
Бишкектин айрым аймактары жарыксыз калат. Тизме
Белгилер:
дарактар, арык, жаан, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ