Көлдө үй-бүлө жол кырсыгына кабылып, 10 жаштагы кыз ооруканага жетпей калды

CC BY 2.0 / Tony Webster / Cracked WindshieldПоследствия урагана в Северном Миннеаполисе
Последствия урагана в Северном Миннеаполисе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу уктап кеткен.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Балтабай айылында Toyota автоунаасы жолдон чыгып кетип, бакты сүздү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Жол кырсыгы 5-апрель күнү саат 18.30да Каракол — Жети-Өгүз унаа жолунда болгон.

"Унаанын ичинде бир үй-бүлө бар экен. Алар Каракол шаарына кайтып келе жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу уктап кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Алган жаракатынан улам 10 жаштагы кыз ооруканага жетпей үзүлдү. 68 жаштагы айдоочудан тышкары 59 жана 36 жаштагы эки аял, 13 жана үч жаштагы эки кыз ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0