Киши колдуу болгон жигиттин сөөгү чирип кеткен. Марттагы соттук чечимдер

Жазылуу
Узап кеткен айда өлкө аймагындагы соттор түрдүү мүнөздөгү жүздөн ашык иштерди карап чыкты.

Алардын арасында өз атасын мыкаачылык менен өлтүргөн уулдун, кош бойлуу келинди мертинткен эки жигитти сабап чоң каналга түртүп жиберген чоң муштумдардын кылмыштары бар.

Маркумдун сөөгү чирип кеткен...

Аламүдүн районунун прокурору Бурулай Турдалы кызынын киши колдуу болушуна жол берди делген беш милиция кызматкерин беш жылга кесүүнү жана аларды сот залынан камакка алууну сурады - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын өлүмү. Прокурор 5 милиционердин ар бирин 5 жылга кесүүнү сурады
Адам өмүрүн алган окуя 2017-жылдын соңунда Чүйдөгү айылдардын биринде болгон. Анда соттолуучулардын бири төрт бейтааныш киши менен көчөдө арак ичип отуруп, уруша кеткен. Андан соң ал Бишкектеги эки досуна телефон чалып жардамга чакырган. Алар чыр-чатак болгон жерге келгенде балага кол көтөргөндөрдүн үчөө качып кетип, бирөө эле калып калган. Өч алууну көздөгөн үчөө аны катуу ур-токмокко алып, Чоң Чүй каналына ыргытып жиберишкен. Ошентип анын сөөгү 15 күндөн кийин гана табылган. Соттук-медициналык экспертиза маркумдун кандай жагдайда көз жумганын так аныктай алган эмес. Анткени сөөк чирип кеткен. Фемида өкүлдөрү үч чоң муштумду тогуз жылдан кесип, моралдык зыян үчүн 200 миң сом төлөмөр кылган.

Атасын өлтүрүп короого көөмп салган

26 жаштагы жигит өзүнүн атасын мыкаачылык менен өлтүрүп сөөгүн короосуна көөмп салган. Жаңы эле ооруканадан чыккан атасын түн ортосунда уктап жаткан жеринен баса калып, балка менен башка чапкылап өлтүргөн. Андан соң эч кимге билгизбей короого көөмп, укук коргоо органдары менен туугандарына атасын жоголуп кетти деп койгон. Киши колдуу болгон адамдын сөөгү үч жылдан кийин гана табылган. Ал эми маркумдун уулу мындай кадамга атасынын көп арак ичкенинен улам барганын жүйө келтирген. Сот жигитти 15 жылга эркинен ажыратты.

Ата-баланын мушташы

Семикратный чемпион мира по профессиональному боксу Орзубек Назаров - Sputnik Кыргызстан
Орзубек Назаров ИИМди соттон утуп алды. Милиционерге чыккан өкүм
Үйгө мас болуп келген эркек киши 16 жаштагы баласынан арак сурап, экөө уруша кеткен. Кайым айтышуу мушташууга чейин жетип, киши ашкана бычагын алып, уулун сол капталга сайып жибергени айтылды. Бычак шилтеген бүлө ээси жети жылга шарттуу кесилип, үч жылдык сыноо мөөнөтү берилген.

Курттап кеткен аялдын сөөгү

1990-жылдын башында баш кошуп, кийин ажырашып кеткен жубайлар 25 жылдан кийин кайра чогуу жашай башташкан. Күндөрдүн биринде уруша кетишип жолдошу келинчегин мыкаачылык менен сабап өлтүргөн. Укук коргоо кызматкерлери көз жумган аял башынан катуу жаракат алып, муунтулуп өлтүрүлгөндүгүн денесиндеги көгалаларды көрүп аныкташкан. Зордуктоого да аракет болгону тастыкталган. Андан сырткары, сөөк бир нече күн ээн жерде калып курттап кеткени белгилүү болду. Отурумда шектүү ага коюлган айыпты мойнуна алган эмес. Сот аны он жылга темир тор артында калтырып, жабырлануучунун жакындарына 100 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирди.

Адам өмүрүн алган чатак

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы кодекс менен канча киши жазадан бошоду? Соттордун иши кайнап жатат
Кырсык болгон күнү эки киши төрт бөтөлкө арак ичип, уктап калышкан. Түн ортосунда бири зааранын жытынан улам ойгонуп, шеригин катуу тилдеп, андан соң алар мушташа кетишкен. Бири экинчисин катуу токмоктоп, жабырлануучу көчөгө качып чыккандан кийин эс-учун жоготуп жыгылып калган. Жолдо өтүп бараткан адам аны кайра үйгө алып кирип жаткызып койгон. Кийинки күнү ал башынан катуу жаракат алып, көз жумгандыгы белгилүү болгон. Эми чоң муштум жети жыл өмүрүн абакта өткөрөт.

Эне жүрөгү

"Мен аны кечирдим. Баламды үйгө кое бергилечи" деп жашы өтүп калган аял сотко өтүнүч келтирген. Аны өз баласы үйүнө мас болуп келип сабаган. Жыйынтыгында пенсонердин денесинин бир нече жери сынып кеткен. Отурумда буга чейин көп жолу соттолгон уул энесине ыдык көрсөтпөгөндүгүн айтып, апасы жөн гана жерге төгүлгөн шорпого тайгаланып жыгылып кеткенин билдирген. Эми ал беш жылга камалып, аракечтиктен дарыланууга милдеттендирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0