Жубайлар эки баласы менен каза болду. Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын сүрөттөрү

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиДТП в селе Бактуу-Долоноту, где погибла семья
ДТП в селе Бактуу-Долоноту, где погибла семья - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя жумага караган түнү саат 00.30да болду. Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде Volkswagen Golf 3 жана Toyota Ist унаалары кагышкан.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир үй-бүлө каза тапты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиЫсык-Көлдө жол кырсыгынан бир үй-бүлө каза тапты
Жубайлар эки баласы менен каза болду. Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир үй-бүлө каза тапты

Окуя жумага караган түнү саат 00.30да болду. Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде Volkswagen Golf 3 жана Toyota Ist унаалары кагышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, Volkswagen автосунун 42 жаштагы айдоочусу чыгыштан батышты көздөй баратып, каршы тилкеде келе жаткан Toyota унаасы менен сүзүшкөн. Анын рулунда 56 жаштагы жаран болгон. 

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиОкуя жумага караган түнү саат 00.30да болду
Жубайлар эки баласы менен каза болду. Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Окуя жумага караган түнү саат 00.30да болду

Volkswagen унаасынын айдоочусу, 41 жаштагы жубайы жана алардын беш, үч жаштагы уулдары кырсык болгон жерде көз жумду. Ал эми алты жаштагы кызы менен 37 жаштагы жүргүнчү Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилди. Ошол эле ооруканага Toyota автокөлүгүнүн да бир жүргүнчүсү түштү. 

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиБактуу-Долоноту айылына жакын жерде Volkswagen Golf 3 жана Toyota Ist унаалары кагышкан
Жубайлар эки баласы менен каза болду. Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде Volkswagen Golf 3 жана Toyota Ist унаалары кагышкан

Тиешелүү экспертизалар жасалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0