Лейлекте айылдашын бычак менен сайып өлтүрдү делген киши кармалды

© AFP / PHILIPPE HUGUENМужчина в наручниках в Лилле
Мужчина в наручниках в Лилле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Факты боюнча кылмыш иши козголду.

ОШ, 4-апр. – Sputnik. Лейлек районунун Жаштык айылындагы Касым Тыныстанов көчөсүнөн 30 жаштагы жергиликтүү жашоочунун сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя 1-апрель күнү болгон.

Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө ошол эле айылдын 34 жаштагы тургунун шектүү катары колго түшүрдү. 

© Фото / пресс-служба УВД Баткенской области34 жаштагы шектүү
Лейлекте айылдашын бычак менен сайып өлтүрдү делген киши кармалды - Sputnik Кыргызстан
34 жаштагы шектүү

“Алдын ала маалыматтар боюнча экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып уруша кеткен. Натыйжада 34 жаштагы киши айылдашын бир нече жолу ашкана бычагы менен сайып, кетип калган”, - деди Юсупова.

Факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0