Ажатканага түшүп кеткен ымыркайды 8 жаштагы Эламан куткарды. Окуянын чоо-жайы

© Фото / Айбек Маматов7-летний Эламан Абдилашимов, спас ребенка, упавшего в туалет
7-летний Эламан Абдилашимов, спас ребенка, упавшего в туалет  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жаштагы бөбөк Арча-Бешик конушунда тереңдиги беш метрге чукул ажатканга түшүп кеткен.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкектин Арча-Бешик конушунда ажатканага түшүп кеткен бөбөктү сегиз жаштагы Эламан Абдилашимов куткарып калды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү Айбек Маматов билдирди.

Анын айтымында, окуя кечээ, 2-апрелде, түштөн кийин саат 17.00дөр чамасында болгон. Кошунасынын 1,5 жашар кызы сыртта ойноп жүрүп ажатканага кирип, тешигинен түшүп кеткен. 

© Фото / Айбек МаматовАрча-Бешик конушунда 1,5 жашар кыз ажатканага кирип, тешигинен түшүп кеткен
Ажатканага түшүп кеткен ымыркайды 8 жаштагы Эламан куткарды. Окуянын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Арча-Бешик конушунда 1,5 жашар кыз ажатканага кирип, тешигинен түшүп кеткен

"Мен терек бутап жаткам. Анан эле кыйкырып калышты, чуркап бардык. Ажаткананын тереңдиги беш метрдей бар, полу цементтелген экен. Биринчи болуп агам Урмат чуркап жетти. Тешигине чоң адам батпайт, барскан менен талкалайын десек сыныктары баланын башына тиеби деп корктук. Бала биринчи тыбырчылап, ыйлап жаткан. Ары-бери чуркап аркан таап келгенче батып кетип, үнү да чыкпай калды. Анан ары жакта ойноп жүргөн Эламанды чакырдык", — деди Маматов.

Ал убакыттан уттурабыз деп ӨКМдин куткаруучуларын чакырбагандыктарын айтты. Айласы кеткенде жети жаштагы баланы аркан менен түшүрүшкөн. 

© Фото / Айбек МаматовАйласы кеткенде сегиз жаштагы баланы аркан менен түшүрүшкөн
Ажатканага түшүп кеткен ымыркайды 8 жаштагы Эламан куткарды. Окуянын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Айласы кеткенде сегиз жаштагы баланы аркан менен түшүрүшкөн

"Бөбөк бурч тарабына буту менен түшкөн экен. Эламан түшкөнчө башына чейин батып кетип көрүнбөй калды. Ичи караңгы, жарыкты жандырып көрсөтүп аттык. Эптеп баланы таап көтөрүп чыкты. Мен дароо эле ошол жердеги муздак сууга жуундуруп, бети-башын тазаладым. Анан ооруканага алып кетишкен. Чынын айтканда, Кудай чоң эле сактады, бир керемет болуп кетти деп таң калып жатабыз", — деп баяндады окуянын күбөсү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ымыркайды алып чыккан Эламан Абдилашимов менен да баарлашып, жеткинчек бөбөк көрүнбөй калгандыктан колу менен издегенин айтып берди. 

© Фото / Айбек МаматовЫмыркайды алып чыккан Эламан Абдилашимов: мени чакырганда чуркап барып, түшүп көрөйүнчү дедим. Корккон жокмун.
Ажатканага түшүп кеткен ымыркайды 8 жаштагы Эламан куткарды. Окуянын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайды алып чыккан Эламан Абдилашимов: мени чакырганда чуркап барып, түшүп көрөйүнчү дедим. Корккон жокмун.

"Мени чакырганда чуркап барып, түшүп көрөйүнчү дедим. Корккон жокмун. Түшкөндө кызды көрбөй башын басып алыпмын. Ошондо үнү чыгып кетти. Ал бөбөк чекесинде отурат го деп ойлогом, түшсөм бети да көрүнбөй батып калган экен да. Анан арт жагыңды кара дешти, колум менен издеп кийиминен кармап көтөрдүм. Кучактап бекем кармагандан кийин арканды тартышты. Чыккандан кийин сууга бутумду жууп, үйгө барып жуундум. Атам менен апам "менин балам герой" деп жатышат", — деди бала.

Эламандын апасы Медина Нурлан кызы баласы буга чейин караңгыдан коркорун, мында коркпой түшүп кеткенине таң калып жатышканын айтат. Учурда баланын абалы жакшы.

Бишкек шаарынын 12-кичирайонундагы Аалы Токомбаев көчөсүндөгү көпүрөгө буту кыпчылып калган окуучу куткарылды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте көпүрөгө буту кыпчылып калган окуучу куткарылды. Сүрөт
"Атасы экөөбүз жумушта болчубуз, угарыбыз менен жан далбастап жөнөдүк. Келсек Эламан "мени герой" дешти деп сүйүнүп айтып бере албай ээлигип алыптыр. Негизи мүнөзү шок, аябай тентек. Азыр эл мактап жатса, сыймыктанып отурабыз. Балам аллергия болуп, мектепке барбай жаткан", — деди апасы.

Ал эми ажатканага түшүп кеткен ымыркайдын да абалы жакшы, бактыга жараша, эч кандай жаракат алган эмес. Атасы Таалай Осмоналиевдин айтымында, бүгүн түштөн кийин ооруканадан чыгат.

"Ажаткананын эшигин жаап, сыртынан илип койчу элек. Кечээ байкабай калган экенбиз, 2,5 жаштагы кызым экөө ойноп жүрүп таякча менен эшигин ачып алышыптыр. Анан кичүүсү кирип кеткен. Кызымды №3 Балдар ооруканасына алып бардык. Текшертсек, Кудайга шүгүр, саламаттыгы жакшы чыкты. Бүгүн түштөн кийин үйгө чыгарабыз", — деди Осмоналиев.

Мындан сырткары, бөбөктүн атасы кызын куткарууга жардам бергендерге жана өзгөчө Эламанга чоң ыраазычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0