Террордук уюмдун мүчөсүнө жардам берген КР жараны кармалды

© REUTERS / Sergei KarpukhinПриговор экс-министру экономического развития Алексею Улюкаеву
Приговор экс-министру экономического развития Алексею Улюкаеву - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Эл аралык террордук уюмдун мүчөсүнө жардам берди деп шектелип Кыргызстандын 24 жаштагы жараны чек арадан кармалып, өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, колго түшүрүлгөн А.К аттуу адам чет өлкөдө иштеп, буга чейин УКМК тарабынан кармалган 25 жаштагы Х.Р. аттуу кыргыз жараны менен байланышта болгон.

Х.Р. 2018-жылдын декабрь айында КР Кылмыш жаза кодексинин 299-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча айыпталып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

"Кармалган А.И. аттуу жарандын көрсөтмөсү боюнча Х.Р. ага Түркия мамлекетине, андан ары Сирия согуштук зонасына кетүүсүнө жардам берип, эл аралык террордук уюмдун иш-аракеттерин каржылоого акча жөнөткөн", — деп жазылат маалыматта.

Совместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
УКМК бир нече жылдан бери издөөдө жүргөн чет элдик террорчуну колго түшүрдү
Чогултулган материалдар Кылмыш жаза кодексинин 395-беренесинин 1-бөлүмү ("Жалдануучулук, башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарга же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүктү бузууга багытталган зомбулук аракеттерге пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук чыр-чатактарда же аракеттерде пайдалануу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0