Нарында бүгүн таңда жер титиреди

Жазылуу
Очогу Нарын шаарынан түндүк-чыгышты карай 42 чакырым алыстыкта жайгашканы айтылды.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Нарын облусунда 2-апрелде таңкы саат 07:41де очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Мастер-тренер по первой доврачебной помощи Замир Дуйшеев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Дүйшеев: жер титиреген учурда лифтке түшүү кооптуу
Ага ылайык, жер титирөөнүн очогу Капкан-Таш тоо кыркаларынын түбүнөн орун алып, Өрүк-Там айылынан түндүк-батышты карай 20 чакырым, Жер-Көчкү айылынан түштүк тарапты көздөй 25 чакырым, Эмгекчил айылынан түндүк-чыгышты карай 35 жана Нарын шаарынан түндүк-чыгышты карай 42 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жердин силкинүү күчү Өрүк-Там жана Жер-Көчкү айылында 3 балл, Нарын шаарында 2,5 балл болуп сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0