Кара-Сууда агасын балталап өлтүрдү деген шек менен иниси кармалды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБалта. Архив
Балта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 1-апрелге караган түнү саат 4:00 чамасында болгон.

ОШ, 1-апр. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылынын 47 жаштагы тургуну 48 жаштагы бир тууган агасын балта менен башка бир нече жолу чаап өлтүрдү деген шек менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоңдо мас киши 16 жаштагы уулуна бычак шилтеп, кесилип кетти
Анын айтымында, окуя 1-апрелге караган түнү болгон. Таңкы саат 4:00дөр чамасында милицияга ыкчам кабар келип түшкөн. Иликтөө тобу окуя болгон жерге барганда өз үйүндө башына бир нече жолу миздүү буюм менен сокку жеп өлтүрүлгөн кишинин сөөгү табылган.

Кылмышка шектүү катары маркумдун бир тууган иниси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага карата кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Шектүү агасын балта менен уруп өлтүргөнүн мойнуна алган. Учурда анын эмне себептен мындай кадамга баргандыгы териштирилип жатат.

"Иликтөөлөр көрсөткөндөй, шектүү жакында Россиядан келген. Ал көп ичкендиктен байкеси арак ичпөөнү өтүнгөндө чыр чыккан. Шектүүнүн үй-бүлөсү болгон эмес", — деди Аширбаев.

Маркумдун артында 1 уулу менен 1 кызы калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0