Чүйдө скутер КамАЗга урунуп, 11 жашар бала жаракат алды

© Sputnik / Евгений БиятовСкутерде бараткан жүргүнчүлөр. Архив
Скутерде бараткан жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 29-мартта кечинде болгон.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда скутер КамАЗга урунду. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жол кырсыгы 29-мартта кечинде болгон. Маалыматка караганда, КамАЗ жолдон бурулуп жатканда скутер ага барып урунган. Анын кесепетинен скутерди айдап бараткан 21 жаштагы жигит жана ага учкашып бараткан 11 жаштагы бала жаракат алган. Алар ооруканага кайрылып, жарааты таңылган.

Окуянын чоо-жайы такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0