Кудай сактаптыр! Бишкекте төрөт үйүнүн маңдайындагы бак кулады. Сүрөт

© Фото / Данияр ДжаркынбаевБорбор калаанын Логвиненко көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин аймагында жамгырдан кийин бак кулады
Борбор калаанын Логвиненко көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин аймагында жамгырдан кийин бак кулады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек жашыл чарба" ишканасынан дарактын кулашынын себебин түшүндүрүп беришкен.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Борбор калаанын Логвиненко көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишиндеги №3 төрөт үйүнүн маңдайындагы бак жамгырдан кийин кулады. Бул туурасында "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын сүрөттөрүн интернет колдонуучулар Facebook тармагындагы баракчасына жарыялаган.

Аталган ишканадан дарактын кулашынын себебин түшүндүрүп беришти.

"Бак куураган эмес, жакшынакай эле экендигин бүрдөп келе жаткан жалбырактары көрсөтүп турат. Тамыры оңдоп-түздөө иштеринен кийин жабыркап, андан соң чирип калыптыр", — деп билдиришкен маалымат кызматынан.

Бактыга жараша, кулаган бактан эч ким жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0